Abank
SerepTV Logo

Өткөн аптага караганда тумоологондор 3 эсеге көбөйдү. Мектептердеги карантин узартылышы ыктымал

Өткөн аптага караганда тумоологондор 3 эсеге көбөйдү. Мектептердеги карантин узартылышы ыктымал
Өлкөдө КРВИ менен сасык тумоонун өсүүсү уланууда. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Султан Абдыкадыров журналисттерге билдирди. Анын айтымында, өткөн аптага караганда тумоологондор 3 эсеге көбөйдү. "12-декабрдан 18-декабрга чейинки аралыкта КРВИ жана сасык тумоонун 44 миң 106 учуру катталды" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/olkodo-bir-aptada-krvi-jana-sasyk-tumoo-44-minden-ashuun-kishiden-anyktaldy/">катталды. Ага чейинки аптада 14 миң 78 учур катталган болчу. Бардык оорулуулардын 72 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт", - деди ал. Султан Абдыкадыров мектептердеги карантин экинчи чейректин аягына чейин узартылышы мүмкүндүгүн жокко чыгарган жок.