Abank
SerepTV Logo

Оштогу "Сулайман-Тоо" музейи убактылуу жабылды

Оштогу "Сулайман-Тоо" музейи убактылуу жабылды

Тазалоо жана оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу, "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы музейи 5-июлдан 28-августка чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу аталган музейдин соцтармактагы баракчасында жазылды.

Ал эми Үңкүр музейи көрөрмандар үчүн саат 09:00дөн 20:00гө чейин, туристтик жолдор саат 08:00дөн 21:00гө чейин иштейт.