Оштогу кайгуул кызматкерлеринин нааразычылыгы: 92 кызматкер тартиптик жазага тартылды
28-июль күнү Ош шаардык кайгуул кызматкерлери нааразычылык чогулушун өткөрүшкөн. Бул факты боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Анын чечимине ылайык, жалпы 92 кызматкер ар кандай тартиптик жазага тартылышты. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
Алардын ичинен:
- 2 кызматкер ички иштер органдарынан бошотулду;
- 5 кызматкер ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду;
- 11 кызматкер ИИМдин ЖКККББнын башка бөлүмдөрүнө которулду;