Оштогу 18 окуучунун ооруканага жаткырылышы. "Окуучу класска атыр чачып ийген" дешти министрликтен
Буга чейин Ошто 43 окуучу Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилгени, анын 18и ооруканага жаткырылганы маалым болгон. " target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/oshto-18-okuuchu-oorukanaga-tyshkon-bygyn-14-okuuchu-oorukanadan-chygat/">болгон. Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүн, 30-мартта алардын 14ү оруканадан чыгарын билдиришти.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Билим берүү министрлигинен окуя тууралуу маалымат беришти. Министрликтен билдиришкендей, окуя Таштак айылындагы №101 Кумар Момбекова атындагы мектепте болгон.
"4 окуучу жандандыруу бөлүмүндө жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Балдардын абалы жакшы. Бир окуучу ата-энесине тердейм деп айткан окшойт. Ата-энеси Орусиядан атыр ала келишкен экен. Ошону дайыма жанында алып жүрчү экен. Аны класстагы бир шок досу класска чачып ийген", - дешти.