Ошто сууга түшүп кеткен унаанын жүргүнчүсү 16 күндөн бери табыла элек
27-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районунда УАЗ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып, сууга түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочунун жанындагы 1999-жылы туулган жаран унаадан чыга албай калып калган, ал эми айдоочу 1997-жылы туулган жаран өз алдынча чыгып кетүүгө үлгүргөн." target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/oshto-unaa-suuga-tyshyp-ketken-aidoochu-chygyp-jyrgynchy-daiynsyz-bolup-jatat/">үлгүргөн.
Жаранды издөө иштери бүгүн, 13-майда таң эрте улантылган куткаруучулардын издөөсүнө ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан 3 офицер, Кара-Кулжа райондук ӨК бөлүмүнөн 18 куткаруучу, жалпы 21, Тез жардам кызматынан 2 адис, ИИМден 8, жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылды.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="180223,180224,180225"]