Royal
SerepTV Logo

Ошто мыкты мугалим менен мыкты тарбиячыга унаа берилди (сүрөт)

Ошто мыкты мугалим менен мыкты тарбиячыга унаа берилди (сүрөт)
Кечээ, 26-сентябрда Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрында “Жылдын мыкты мугалими-2023” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы-2023” кароо-сынагынын финалдык бөлүгү болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Аталган кароо-сынактын финалында шаар мектептеринин, бала бакчалардын 6 мугалими жана 6 тарбиячысы мыкты деген наам үчүн ат салышып, презентациялар, окуу процессиндеги оор кырдаалдан чыгуу жолдору жана таланттар сынактары боюнча таймашышты. Сынактын жыйынтыгы менен Ош шаары боюнча «Жылдын мыкты мугалими-2023» номинациясында жеңүүчү деп №37 Г.Айтиев мектебинин мугалими Элнура Алекова аталды, ал эми «Жылдын мыкты тарбиячысы-2023» номинациясында №35 Асан-Үсөн балдар бакчасынын тарбиячысы Мээрим Тыныбекова жеңүүчү деп табылды. Калган катышуучуларга акчалай сыйлыктар, ыразычылык барактар жана дипломдор ыйгарылды. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="204680,204682,204678,204681,204683,204679"]