"Ошто кыздар уурдалып жатат" деген маалыматтан кийин текшерүү башталды
Социалдык тармактарда Ошто 4-5 жаштагы кыздарды Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаа менен 2 аял уурдап жатканы тууралуу маалымат тарап жатат. Ош ОИИБден мындай факты катталбаганын билдирди.
"Мындай факты катталган эмес. Аудиодогу үндүн кимге тиешелүү экендиги боюнча текшерүү жүрүп жатат", - дешти.