Abank
SerepTV Logo

Ошто кутурма оорусуна шектелген бала ооруканага жаткырылды

Ошто кутурма оорусуна шектелген бала ооруканага жаткырылды

Ош облусунда кутурма оорусуна шектелген бала ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2014-жылы туулган бала 5-сентябрда Аравандагы ооруканага түшкөн. «Бала гидрофобия (кутурма) деген шек менен жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган. Биз адистердин консилиумун өткөрдүк», - дешти министрликтен.

Баланын абалы орточо оор деп бааланууда. Балага керектүү дарылоо жүргүзүлөт.