Abank
SerepTV Logo

Ошто курулуп жаткан жер үстүнөн өтүүчү көпүрөнүн бир бөлүгү урап түштү деген видео боюнча мэрия үн катты

Ошто курулуп жаткан жер үстүнөн өтүүчү көпүрөнүн бир бөлүгү урап түштү деген видео боюнча мэрия үн катты
Кечээ, 4-августта социалдык тармактарда түндө Ош шаарында курулуп жаткан жер үстүнөн өтүүчү көпүрөнүн бир бөлүгү урап түштү деген видео тараган. Ош шаардык мэриясынын билдирүүсү боюнча, арматурадан каркас токуп бүтүп, бетон куюп баштаганда бир четинен кемчилик кеткен. Мындан улам коюлган опалубкалар урап түшкөн.