Ошто көмүрдү арзан баада сатуучу жайлар уюштурулду. Даректер
Ош шаарынын мэриясы «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте көмүрдү арзан баада сатуучу жайларды уюштурду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Көмүрдүн баасы 1 килограммы 5 сомду түздү. Арзан баада көмүр төмөнкү даректер боюнча сатылууда:
- "Амир-Тимур" муниципалдык аймактык башкармалыгы С.Айни №80 көчөсү;
- «Туран» муниципалдык аймактык башкармалыгынын мамлекеттик кызмат көрсөтүү бюросу (Дачи кичи району);
- "Жапалак" айылдык аймактык башкармалыгынын Татар айылындагы Т.Уларов №13 көчөсү.