Ошто изделип жаткан 81 жаштагы карыянын жансыз денеси табылган
Ошто 81 жаштагы карыя дайынсыз болуп, изделип жаткан.
"23-июль күнү Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагына караштуу Агартуу айылынын 1942-жылы туулган тургуну Бекен Туратов Ош шаарын көздөй бара жаткан маршруттук каттамга чыгып, Ош шаарынын Монуев көчөсүндөгү Ош облустар аралык ооруканасынын аялдамасынан түшүп, белгисиз тарапка кеткен бойдон дайынсыз болууда",- дешкен милициядан.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден карыянын жансыз денеси табылганын тастыктап, кенен маалымат берүүнү убадалашты.