Royal
SerepTV Logo

Ошто "Гонконг" сасык тумоосу аныкталды

Ошто "Гонконг" сасык тумоосу аныкталды
Ош шаарында бейтаптан “Гонконг” (A H3N2) сасык тумоосу аныкталды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти. Дарыгерлер канча учур аныкталганын айта элек. Алар Ош шаарында катталганы белгилүү болду. Бул бейтаптардын лабораториялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында белгилүү болгон.  AH3N2 вирусу Гонконг шаарында 1968-жылы катталган. Ал XX кылымдын 3-пандемиясы катары белгилүү.