Royal
SerepTV Logo

Ошто эгиз кыздарын сабаган келин энелик укуктан ажыратылды

Ошто эгиз кыздарын сабаган келин энелик укуктан ажыратылды
Буга чейин социалдык тармактарда «заара ушатасың» деп эгиз балдарын аёосуз сабаган делген эненин видеосу тараган. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден маалымат беришкен. " target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/egiz-baldaryn-aeosuz-sabagan-kelindin-videosu-tarady-videonun-oshto-tartylgany-aityluuda/">беришкен. Келиндин 21 жашта экени, анын камакка алынганы, ал эми кыздар атасына берилгени маалым болгон" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/oshto-egiz-kyzdaryn-aeosuz-sabagan-kelin-6-yanvarga-cheiin-kamakta-kaltyryldy/">болгон. Келин Акыйкатчыга өзүнүн оор тагдырын айтып берген." target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/kaiyn-jurtka-bolgon-yzamdy-kyzdardan-chygarchumun-oshto-egiz-kyzdaryn-sabagan-kelin-oor-tagdyryn-aityp-berdi/"> берген. Анын айтымында, жарандык никедеги жолдошунун бир туугандары жана анын апасы ага психологиялык басым жасап келишкен. Ызаланган ал ачуусун эгиз кыздарынан чыгарып жүргөн. “Алар мени ар дайым кемсинтип, психологиялык кысым көрсөтүштү. Кыздарымды төшөккө заара ушатып жатат деп доомат коюшчу. Кайненем кыздарымды сабап, алардын денесине ийне сайгылап кордоп келген”, — деген. Прокуратура эгиз кыздарын сабаган энени энелик укуктарынан ажыратуу боюнча сотко доо арыз келтирген. Бүгүн, 13-февралда келиндин энелик укуктан ажыратылганы маалым болду. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош облустук сотунан төмөндөгүдөй маалымат беришти. "Араван райондук сотуна 2023-жылдын 29-ноябрында Араван районунун прокурору келинге карата энелик укугунан ажыратуу жөнүндөгү доо арызы келип түшкөн. Соттун 7-февралындагы чечими менен прокурордун доо арызы жарым-жартылай канааттандырылып, 2-февралда 2002-жылы туулган келиндин 2021-жылы туулган кыздарына карата энелик укуктарынан ажыратылган", - деп айтылат маалыматта.