Abank
SerepTV Logo

Ошто атырга ууланган балдардын баары ооруканадан чыкты

Ошто атырга ууланган балдардын баары ооруканадан чыкты
Буга чейин Ошто 43 окуучу Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилгени, анын 18и ооруканага жаткырылганы маалым болгон. " target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/oshto-18-okuuchu-oorukanaga-tyshkon-bygyn-14-okuuchu-oorukanadan-chygat/">болгон. Саламаттыкты сактоо министрлиги, 30-мартта алардын 14ү оруканадан чыгарын, калгандары дарыгерлердин көзөмөлүндө болорун айтышкан. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Билим берүү министрлигинен окуя тууралуу маалымат беришип, окуя Таштак айылындагы №101 Кумар Момбекова атындагы мектепте болгонун билдиришкен. «4 окуучу жандандыруу бөлүмүндө жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Балдардын абалы жакшы. Бир окуучу ата-энесине тердейм деп айткан окшойт. Ата-энеси Орусиядан атыр ала келишкен экен. Ошону дайыма жанында алып жүрчү экен. Аны класстагы бир шок досу класска чачып жиберген», — деген. Бүгүн, 4-апрелде СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Билим берүү министрлиги менен байланышканыбызда, баардык окуучулар оорукандан чыгып, сабакка барып жатканын билдиришти.