Abank
SerepTV Logo

Ошто 20 жаштагы Аймээрим Келдибекова изделип жатат

Ошто 20 жаштагы Аймээрим Келдибекова изделип жатат
Ошто 2003-жылы туулган Аймээрим Келдибекова изделүүдө. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, ал 13-май күнү Ош шаарындагы соода борборунан чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Аймээримдин кийген кийимдери: үстүндө ак түстүү жеңил көйнөк жана кара шым, бутунда ак түстүү жазгы спорттук бут кийими болгон. Дене түзүлүшү орто, бою 155-160 сантиметр, кашы кара, көзү күрөң, чачы кызыл түстүү желкеден. Жогоруда аты аталган кызды көргөн-билгендер болсо, (03222) 6-64-02, (+996) 505 191595 номурларына кайрылсаңар болот.