Өзгөндө 18 жаштагы кыз 22-июлдан бери дайынсыз болуп жатат
2-август күнү милицияга Өзгөн шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, 22-июлда 2005-жылы туулган кызы Муслимахон Хакимжанова үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.
Кийген кийимдери: кызыл түстөгү жоолук, ак-кара түстөгү көйнөк, кызыл түстөгү шым, кара түстөгү жайкы бут кийим.
Өзгөчө белгилери: бою 160-165 сантиметр, дене түзүлүшү арык, кара тору, кашы-көзү кара, чачы кара жана узундугу 40-45 сантиметр.
Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 03233 5-06-36, 0550 334323, 0779 33 43 23, 0777 11 63 93, 0553 11 63 93 номурларына чалсаңар болот.