Abank
SerepTV Logo

Ошто 12 жаштагы бала кутурмадан каза болду

Ошто 12 жаштагы бала кутурмадан каза болду

Ошто кутурма оорусунан 12 жаштагы бала каза болду. Бул маалыматты шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору журналисттерге тастыктады.

Эпидемиологдордун айтымында, баланын өлүмү ооруканага түшкөндөн эки күндөн кийин, 22-сентябрда катталган.

«Бала - Ош шаарынын тургуну. Жайкы каникул учурунда бала чоң ата, чоң энесинин үйүндө Өзгөн районунда болгон. Июль айынын аягында аны талаадан ит тиштеп алган. Бул боюнча дарыгерлерге кайрылышкан эмес. Алар тиштелген жерди гана дарылашкан. Клиникалык симптомдору бир жарым айдан кийин пайда болгон. Бирок кеч болуп калган”, - дешти.