Abank
SerepTV Logo

Ошто 10 жаштагы баланын өпкөсүнө канцелярдык мык сайылып калган

Ошто 10 жаштагы баланын өпкөсүнө канцелярдык мык сайылып калган

Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы 10 жаштагы баланы аман алып калышты. Бул тууралуу аталган ооруканадан билдиришти. 

"Ооруканага учтуу зат жутуп алган 10 жашар бала жеткирилген. Бала оң өпкөсүнөн жабыркап, канцелярдык мык бронхага сайылып калган. Оор абалда калган балага тез жардам көрсөтүлүп, аман алып калышты", - дешти.

Бөтөн затты алган анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн бөлүм башчысы мындай абал акыркы күндөрү көп катталганын айтып, балдардын ден соолугуна, өмүрүнө этият болууну ата-энелерден суранды.

https://serep.kg/wp-content/uploads/2023/08/365271739_784339590358653_8037296567291187712_n.jpg" alt="" width="563" height="1000" /> https://serep.kg/wp-content/uploads/2023/08/snimok-69.png" alt="" width="644" height="430" />