Ош улуттук драма театрынын жаңыланары пландалууда
Ош Улуттук драма театры жаңыланат. Бул тууралуу аталган театрдан билдиришти.
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов 10-майда тийиштүү адистер менен бирге Султан Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрынын абалы менен таанышкан.
"Шаар башчысы имараттын ичи-тышын жана аймагын кыдырып көрүп чыгып, көйгөйлүү маселелерин аныктагандан кийин капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж экендигин белгиледи. Мэр билдиргендей, театрдын капиталдык оңдоосу 2023-жылдын планына киргизилет", - деп айтылат маалыматта.
- Ош улуттук драма театрынын имараты 1972-жылы башталып, 1974-жылы бүткөрүлгөн. Театрдын ачылышына жана имаратынын курулушуна ошол кезде Ош облусунун жетекчиси Султан Ибраимовдун салымы чоң болгондуктан, анын ысымы ыйгарылган.[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="179794,179795,179796,179797,179798"]