Ош шаарында Нооруз майрамы өзгөчө шаң менен белгиленди
Бүгүн, 21-мартта Ош шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Иш-чаралар эртең менен сүмөлөк жасоо фестивалы менен башталып, андан соң борбордук аянтта “Нооруз - 2023” деп аталган салтанат тартууланды. Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаардык кеңештин депутаттары, жашоочулар жана коноктор катышты. Иш-чара чоң концерттик программа менен коштолуп, театралдаштырылган оюн-зоок тартууланды. Ошондой эле аянтта кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү болуп, спорттук мелдештер уюштурулду.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="170302,170297,170299,170300,170301,170306,170296,170298,170305,170303,170304"]