Royal
SerepTV Logo

Ош шаарында 120 орундуу бала бакчанын курулушу башталды

Ош шаарында 120 орундуу бала бакчанын курулушу башталды
Ош шаарында 120 орундуу бала бакчанын жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан маалымдашты. Ош шаарынын Юго-Восток кичи районунда 120 орундуу “Балажан” бала бакчасынын кошумча имаратынын курулушу башталды. Бекитилген мөөнөт боюнча объект 9 айда пайдаланууга берилиши керек. Курулуш компаниясы тарабынан объектти быйылкы жылы бүтүрүп, колдонууга берүү аракеттери көрүлүүдө.