Ош - Сары-Таш - Эркечтам жолунда айдоочулардын айынан тыгын жаралды
Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолунда (175-178 чакырымы) айдоочулардын айынан тыгындар пайда болууда. Бул тууралуу "Кыргыз авто жол" ишканасынан билдиришти.
Кечээ, 10-ноябрь күнү саат 16:10 чамаасында жүк ташуучу унаалардын айдоочулары бири-бирине жол бербей, каршы тилкеге чыгып, 2-3 тилке катары менен тыгынды жаратты. «Кыргыз авто жол» мамлекеттик ишканасынын №960 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тыгындары жоюуга бардык күч-аракеттерин колдонууда.