Ош-Ноокат-Раззаков жолун реконструкциялоо жаз айларында башталат
Кечээ, 28-январь күнү Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, депутат Жусупбек Коргонбай уулу жана жол тармагындагы тиешелүү адистер Ош-Ноокат-Раззаков жолунун абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн маалымдашты.
Таанышуу учурунда Ош-Ноокат-Раззаков жолунун Ноокат районундагы кооптуу участкаларына реконструкциялоо иштери жаз айларында башталаары, учурда долбоорлоо жумуштары жүрүп жатканы айтылды.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="160873,160874"]