Abank
SerepTV Logo

Ош, Жалал-Абад жана Баткенде "Коопсуздук-2023" машыгуусу өтөт

Ош, Жалал-Абад жана Баткенде "Коопсуздук-2023" машыгуусу өтөт
25-27-апрель күндөрү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймагында "Коопсуздук-2023" биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу өтөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, азыркы учурда командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгууга даярдыктар кызуу жүрүүдө. Ага Куралдуу күчтөрдүн башкаруу органдары, президенттин Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараттары, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын, Алай, Кадамжай жана Базар-Коргон райондорунун администрациясынын өкүлдөрү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аймактык бөлүктөрү катышат.
width="560" height="314" frameborder="0" scrolling="no" allowfullscreen="allowfullscreen"> [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="176146,176147,176148"]