Abank
SerepTV Logo

"Ош базарындагы" мыйзамсыз соода кылган жайлар тазаланды

"Ош базарындагы" мыйзамсыз соода кылган жайлар тазаланды

Ленин райондук акимчилиги "Ош базарынын" аймагында жана ага чектеш көчөлөрдө мыйзамсыз сооданы жоюу иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Ош базары» соода борборунун айланасы - Киев, Бейшеналиева, Кулиев, Токтогул көчөлөрү тазаланды.
Рейддин жүрүшүндө жол кайгуул кызматы тарабынан мыйзамсыз соода кылган 1 унаа, 18ден ашык жеңилдетилген типтеги объектилер – кол арабалар, мамылар, кол чатырлар, столдор алынды. Ошондой эле, стихиялуу соода менен алектенген жарандарга карата "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 179-берененин 1-бөлүгүнө жана 434-беренесине ылайык протоколдор түзүлдү. Бул багыттагы иштер күн сайын жүргүзүлөт.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="181924,181925,181926"]