Орусиянын айрым телеканалдары Кыргызстандын аймагында көрсөтүүлөрүн убактылуу токтотту
Кыргызстанда ВГТРК телеканалдарынын, анын ичинде Россия 24 телеканалынын көрсөтүүсү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Акнет”" target="_blank">https://www.aknet.kg/novosti/697_informatsiya_po_translyatsii_telekanalov_vgtrk/">“Акнет” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул кээ бир өлкөлөрдө жалпы орусиялык телеканалдарды таратууга мыйзамдык чектөөлөрдү кабыл алып жаткандыктан болуп жатат - ВГТРК каналдарын көрсөтүү эл аралык спутниктерде бир тараптуу бөгөттөлгөн. Андыктан Россия маданияты, Россия 24 жана Звезда убактылуу жеткиликтүү эмес.
«Адистер туруктуу сигнал үчүн резервдик берүүнү уюштуруунун үстүндө иштеп жатышат",- деп айтылат маалыматта.