Орусиялык жеке ишкер кыргызстандык кыздын ТикТоктогу видеосун көргөндөн кийин эмнеге уялганын айтты
Бизнесмен Олег Тиньков журналист Елизавета Осетинскаяга интервью берип жатып, орус болгонуна уялып жатканын атты.
Орус элинде «империализм жана фашизм болгон жана болот» деп мойнуна алды. Мисал катары ал Москвадагы мигранттарга болгон мамилени келтирди. Бизнесменге интервью алдында көргөн кыргызстандык кыздын ТикТоктогу видеосу жакканын айтты.
«Абдан сулуу кыргыз кызы "Үйдү жалаң кыргыз улутундагыларга беребиз, жалаң кыргыз тилин билгендерди ишке алабыз. Биз славяндарды албайбыз" деген видео тартыптыр. Ушул видеодон кийин кантип орус болуп уялбайсыңар? Албетте, уяласың, анткени менин ишканамда да кыргыздарга экинчи сорттогу адамдардай мамиле кылышчу", - деди ал.
Олег Тиньков об отношение к кыргызам и стыдно ли быть русским pic.twitter.com/KW9bJ4mAot" target="_blank">https://t.co/KW9bJ4mAot">pic.twitter.com/KW9bJ4mAot
— abff (@abakiroff) November" target="_blank">https://twitter.com/abakiroff/status/1587738929574416384?ref_src=twsrc%5Etfw">November 2, 2022