Abank
SerepTV Logo

Орусиядан сатып алынган аскердик тик учак Кыргызстанга жеткирилди

Орусиядан сатып алынган аскердик тик учак Кыргызстанга жеткирилди
Бүгүн, 23-июнда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн базасында Коргоо министрлиги менен Орусиянын «Рособронэкспорт» компаниянын ортосундагы түзүлгөн келишиминин негизинде МИ-17 тик учагын өткөрүп берүү аземи болуп өттү.
Иш-чарага катышкан коргоо министри Бактыбек Бекболотов "көп максаттуу Ми-17 тик учагы Куралдуу Күчтөрдүн алдында коюлган тапшырмаларды аткарууга бир нече мүмкүнчүлүгүн жогорулатат" деди.
Учуучу техника Кыргыз Республикасына Ил-76 самолету менен жеткирилип, Казань тик учак заводунун өкүлдөрү тарабынан чогултулуп, учкуч-сыноочулар сыноочу учууларды өткөрүшкөн. Аталган техниканы сатып алуу үчүн акча каражаты республикалык бюджеттен бөлүнгөн.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="187066,187067,187068"]