Орусиядан Кыргызстанга өткөн айда 15 жарандын сөөгү келди
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 2022-жылдын 1-апрелинен 30-апрелине чейинки мезгилде Орусияда Кыргыз жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында жасаган иштери тууралуу" target="_blank">https://mfa.gov.kg/kg/dm/pkr-v-rf/news/18165">тууралуу маалымат берди.
Берген маалыматында жазылгандай, элчилик Кыргызстандын каза болгон 15 жаранынын сөөгүн («Жүк-200») мекенине жөнөтүүгө консультациялык, юридикалык жана практикалык жардам көрсөткөнүн билдиришти. "Өз кезегинде мыйзамга ылайык, жакын туугандарына алардын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүүгө кеткен чыгымдары үчүн акчалай компенсация төлөнүп берилди", - деп айтылат маалыматта.