Орусияда бир ишканада иштеген кыргызстандыктар тамакка ууланды
Санкт-Петербургда кыргызстандык мигранттардын массалык уулануусу катталды. Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыгышты.
Шаардын Петроград районундагы хостелдердин биринде Кыргызстандын 30га жакын жараны ичеги-карын инфекциясына чалдыкканы аныкталган. Алардын баары Боткин ооруканасына жаткырылган. Роспотребнадзор жатаканадан суунун жана тамак-аштын үлгүлөрүн экспертизага жөнөткөн. Полицияга Адмирал Лазарев көчөсүндөгү жатаканадан Кыргызстандын 27 жараны ооруканага жаткырылганы, алардын бардыгы «Прайдекс» ЖЧКсынын жумушчулары экени кабарланган. Эркек кишилер ичеги-карын инфекциясынын белгилери менен ооруканага жаткырылган, абалы канааттандырарлык жана орточо оор.