Өндүрүш Токтонасыров: "Кечээ Кыргызстан дагы бир жолу дүйнө жүзүнө шерменде болду"
Бүгүн, 24-октябрда Бишкекте Кемпир-Абад маселеси боюнча Бишкекте жүрүш өтүп жатат. Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун айтымында, Кемпир-Абад Кыргызстанга таандык.
"Ал эч бир чет мамлекетке өтүп кетпеши керек. Кечээ Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрүн зомбулук менен кармап кетишти. Кечээ Кыргызстан дагы бир жолу дүйнө жүзүнө шерменде болду. Менин жеке тааныштарым телефон чалышты",- деди ал.