"Өмүрүнө кол салуу ою жок болчу". УКМКнын СИЗОсунда асынып алды делген Бакыт Асанбаевдин жактоочусу окуя тууралуу айтып берди
Журналист Семетей Аманбеков УКМКнын камерасында" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/aiyl-banktyn-nasyyalardy-teskoo-bolymynyn-murdagy-bashchysy-sizodo-asynyp-aldy/"> өз жанын кыйган делген «Айыл Банктын» насыяларды тескөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бакыт Асанбаевдин жактоочусу Нур Кылычбаевадан маек алган. Маекте жактоочу Бакыт Асанбаев менен 3 күн мурун көрүшкөнүн, анын өмүрүнө кол салчу түрү жок болгонун айткан.
"Бакыт Асанбаевде өз өмүрүн кыюу тууралуу ою жок болчу. Мен 3 күн мурун, 14-июнда жолуккам. Тескерисинче, ал абдан духу көтөрүлүп, сотто өзүн актаганга жетиштүү юридикалык маалымат алдым деп сүйүнүп жаткан. Анын асынганын угуп нес болдум. Анын артында 4 жашы жете элек баласы калды", - деген жактоочу.