Abank
SerepTV Logo

Өмүрбек Текебаевдин кайнатасы 83 жашында каза болду

Өмүрбек Текебаевдин кайнатасы 83 жашында каза болду
Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебевдин кайнатасы каза болду. Бул тууралуу саясатчынын санаалаштары жазып, көңүл айтып жатышат. "Бүгүн, 4-октябрда эртең менен белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаеванын атасы Турганбай Турдиев 83 жаш курагында узак оорунун айынан кайтыш болду. Турганбай ата өмүр бою курулуш тармагында, өлкөнүн суу сактагыч тармактарында, анын басымдуу көпчүлүк жылдарын "Папан" суу сактагычынын курулушуна, анын калыптанышына эбегейсиз зор салым кошкон, эмгекчил, өлкөнүн ар тармактуу өнүгүшүнө өмүрүн аябаган, мекенчил, чынчыл инсан эле", - деп жазышты. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Айгүл Текебаеванын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.