Abank
SerepTV Logo

Өлкөнүн ашууларындагы жолдордун абалы тууралуу маалымат

Өлкөнүн ашууларындагы жолдордун абалы тууралуу маалымат

"Кыргыз авто жол" өлкөнүн ашууларындагы жолдордун абалы тууралуу маалымат берди.

Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда күн бүркөк, жол ачык. №9 ЖТИ тарабынан нөөмөт бар. Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда күн бүркөк, азыркы учурда жол кыймылына чектөө жок, өтмөк ачык. №36 ЖТИ тарабынан нөөмөт бар. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда учурда суу кар жаап жатат. Унаа жол ачык, №41 ЖТИ тарабынан нөөмөт бар. Бишкек-Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайында жана Ала-Бел ашуусунда кар аралашкан жамгыр жаап жатат. №23 ЖТИ кызматкерлери тарабынан нөөмөт бар. Жолдор ачык. Ысык-Көл районундагы Сөөк ашуусунда шамал болуп жатат. Учурда ашуу ачык, каттам бар.