Abank
SerepTV Logo

Өлкөдөгү бир катар мектептер онлайн окууга өткөрүлдү

Өлкөдөгү бир катар мектептер онлайн окууга өткөрүлдү
Билим берүү жана илим министрлиги 17-январдан тарта Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарындагы бир катар мектептер онлайн окутууга өтүп, айрым бала бакчалар жабылгандыгын маалымдады. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарынын санитардык көрсөтмөлөрүнө ылайык, онлайн окутууга өткөн мектептер: • Жалал-Абад шаарындагы мамлекеттик мектептер; • Көк-Жаңгак шаарындагы мектептер; • Таш-Көмүр шаарындагы 6 мектеп; • Талас облусунун Бакай-Ата районундагы 1 мектеп жана 1 мектептин 2-корпусу; • Чүй облусунун Жайыл районундагы 11 мектеп. Кара-Көл шаарындагы – 2, Таш-Көмүр шаарындагы – 3, Бакай-Ата районундагы – 1 жана Жайыл районундагы – 5 бала бакча жабылды.