Royal
SerepTV Logo

Өлкөдө өз билемдик менен иш жүргүзүп келген 28 мал союучу жай жабылды (видео)

Өлкөдө өз билемдик менен иш жүргүзүп келген 28 мал союучу жай жабылды (видео)

Ветеринардык кызмат тарабынан 100 мал союучу жай катталып, анын 28и ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендигине байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Жарандардан келип түшкөн арыздардын негизинде, күтүүсүз текшерүүнүн жыйынтыгында, бул мал союучу жай ветеринардык-санитардык талаптарды аткарбай, өз билемдик менен иш жүргүзүп келгени аныкталган.

Тамак-аш коопсуздугун сактоо максатында, мындай текшерүүлөр республика боюнча жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.

Видеону сезимталдарга көрүү сунушталбайт!

width="560" height="314" frameborder="0" scrolling="no" allowfullscreen="allowfullscreen">