Abank
SerepTV Logo

Өлкөдө жүрүп жаткан сасык тумоонун 96 пайызын чочко тумоо түзүүдө

Өлкөдө жүрүп жаткан сасык тумоонун 96 пайызын чочко тумоо түзүүдө
Өлкөдө жүрүп жаткан сасык тумоонун 96 пайызын чочко тумоо түзүүдө. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Султан Абдыкадыров журналисттерге билдирди. "Лаборатория тарабынан тастыкталган тумоонун 142 учурунун ичинен А/H1N1 түрү (чочко тумоосу) басымдуулук кылат. Бул аптада ал 96 пайызды түздү. Чочко тумоосу оор жүрөт, бат жугат жана тез жайылат. Ошондуктан, сасык тумоого каршы эмдөө алууга чакырабыз", - деди ал.