Abank
SerepTV Logo

Өлкөдө жыл башынан бери 41 кызамык жана 6 кызылча оорусу аныкталган

Өлкөдө жыл башынан бери 41 кызамык жана 6 кызылча оорусу аныкталган
Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 3-апрелге карата кызамык жана кызылча оорусу катталууда. 2023-жылдын башынан бери 41 кызамык жана 6 кызылча оорусу аныкталган. Аймактар ​​боюнча: Бишкек шаары - 8, Жалал-Абад облусу - 2, Ош облусу - 20, Ош шаары - 7, Баткен облусу - 2, Чүй облусу - 2. Негизги себеп болуп балдарды жана чоңдорду кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу иммунизациялоонун камтылышынын төмөндөшү саналат, өсүш профилактикалык эмдөөлөрдөн баш тарткандардын арасында болууда.