Royal
SerepTV Logo

Өлкөдө 50 адамга бекер бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалат

Өлкөдө 50 адамга бекер бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалат
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 50 адамга бекер бөйрөк алмаштыруу операциясы жасаларын билдирди. "Көп киши бюджетке кезекке туруп жатат. Үйлөрүн, кредит алып гемодиализ алышчу. Жеке клиникада ал 5800 сом. Ошонун баарын президент көрүп туруп, бекер кылалы деп айткан. 2020-жылдан бери бизде гемодиализ бекер. Садыр Жапаровдун демилгеси менен 50 адамга бекер бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалат. Муну мамлекет төлөп берет. Бейтаптан акча алынбайт", - деди ал.