Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев 7 миллионунчу кыргызстандыкка алтын медалын тапшырды (сүрөт)
Олимпиада оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиев 7 миллионунчу кыргызстандыкка өзүнүн алтын медалын белек кылды. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитетинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, Каныбек Осмоналиев 7 миллионунчу кыргызстандыктын үй-бүлөсү менен жолуккан. "Осмоналиев Жакшылыкка бекем ден соолук, келечекте өлкөбүздүн чыгаан спортчуларынын бири болушун каалап, алтын медалын тапшырды. Мындан тышкары, Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытовдун сүйүнчүсү тапшырылды",- деп айтылат маалыматта.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="145077,145078,145079"]