Окуучу кыздын чөгөлөп кечирим сурашы, окуучунун бетине атылган салют. Аталган мектептин директору бошотулду
Социалдык тармакта Сузактагы №1 мектепте окуучунун бетине салют атылып кеткен деген видео тараган. Билим берүү министрлиги окуя боюнча үн катып, директордун милдетин аткаруучу менен анын окуу-тарбия иштери боюнча орун басары кызматтан кеткенин билдирди.
"Аталган мектептин 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрү салтанаттуу иш-чара өтүп жаткан аянтка кирип келе жаткан. Бүтүрүүчүлөрдүн бири пиротехникалык каражатты күйгүзүп жаткан мезгилде 7-класстын окуучусу жанына бара калган, аны эч ким чакырган эмес. Кесепетинен окуучу жүзү күйүп калган. Учурда ал Жалал-Абад шаардык ооруканасында, абалы жакшы. Буга чейин жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине пиротехникалык каражаттарды колдонбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кол койдурулган. Мындан улам №16 С.Акбаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин убактылуу директордун милдетин аткаруучу жана директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары ээлеген кызматынан бошотулду",- деп айтылат маалыматта.
Буга чейин дал ушул эле мектепте окуучу кыздын чөгөлөп кечирим сурап жатканда тартылган видео тараган. " target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/suzakta-chogolop-kechirim-suragan-okuuchu-kyz-boyuncha-ministrlik-maalymat-taratty/">тараган.