"Окуучу кыз дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүүдө". Бишкекте троллейбус сүзүп кеткен кыз аман калды
Редакцияга троллейбус башкармалыгынан окуя боюнча маалымат беришип, учурда кыз дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп жатканын билдиришти. "Бүгүн, 13-октябрда болжол менен саат 13:26 чамасында №10 троллейбустун айдоочусу Москва көчөсү менен бара жатып, Эркиндик бульварына жеткенде 2011-жылы туулган кызды сүзүп алган. Жерине Милициянын кайгуул кызматы жана Тез жардам чакырылган. Учурда окуучу дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүүдө",- дешти.