Royal
SerepTV Logo

ӨКМдин тик учагы менен орусиялык альпинист кыз куткарылды (видео)

ӨКМдин тик учагы менен орусиялык альпинист кыз куткарылды (видео)

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы менен орусиялык альпинисттин өмүрү сакталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 12-январь күнү ӨКМге туристтик компаниялардын биринен чалуу түшүп, анда Ак-Сай капчыгайындагы "Хижина Рацека" жайында орусиялык Ефремова аттуу альпинист бутунан жаракат алганын билдирген.

Жерине ӨКМдин Авиациялык издеп-куткаруу кызматынын тик учагы саат 13:30 учуп, аба ырайынын катаал шартына карабастан, катуу шамалда "Рацека" мөңгөсүнөн ары 3800 метр бийиктикке конуп, жабырлануучуну куткарылган. Учурда абалы канааттандырарлык.

width="560" height="317" frameborder="0" scrolling="no" allowfullscreen="allowfullscreen">