ӨКМ: “Кыргызстандын аймагында жер титирөө кайталанат деген маалымат чындыкка дал келбейт”
Кыргызстандын аймагында жер титирөө кайталанат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 00:09да Кыргыз Республикасынын аймагында жер титирөө катталган. Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Каракол, Тоң районунун Кажы-Сай айылында, Нарын шаарында 4 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.