Abank
SerepTV Logo

"Ойноо үчүн кетип, үйүн таппай калышкан". Бишкекте адашып кеткен эки кыз апасына өткөрүлдү

"Ойноо үчүн кетип, үйүн таппай калышкан". Бишкекте адашып кеткен эки кыз апасына өткөрүлдү
Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн эки кызды таап беришти. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Кечээ, 29-июнда Кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жүргөн учурда, саат 18:50 чамасында Панфилов паркында адашып жүргөн эки өспүрүм кызды байкашкан. Кызматкерлер кыздардын аты-жөнүн тактоодо 2012 жана 2015-жылы туулган кыздар ойноо максатында үйүнөн чыгып, кийин адашып үйүн таппай жүргөндүгүн аныкташкан. Кызматкерлердин аракети менен жашаган дареги аныкталып, 1982-жылы туулган апасына кыздарды өткөрүп беришти.