Royal
SerepTV Logo

Нурланбек Шакиев Улукмырза Полотовдун 80 жылдыгына арналган маарекесине катышты

Нурланбек Шакиев Улукмырза Полотовдун 80 жылдыгына арналган маарекесине катышты
Кечээ, 3-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, Кыргыз Эл артисти, III даражадагы Манас орденинин ээси Улукмырза Полотовдун 80" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/culture/ulukmyrza-polotov-80-jash-yubileiin-shakirtteri-menen-tostu/">80 жылдыгына арналган маарекелик иш-чарага катышты.
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында өткөн салтанатта маареке ээсин куттуктаган төрага: “Ырчылык өнөрдү аздектеп, чыгармачылыктан чынар терек тургузган Улукмырза Потолов кыргыз элине гана эмес, жалпы түрк дүйнөсүнө таанымал улуу устат. Анткени өмүр бою кыргыз маданиятынын өнүгүшү үчүн эмгек кылып, миңдеген таланттуу шакирттерди таптап чыгарган”, – деди. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="206097,206098"]