Royal
SerepTV Logo

Нурланбек Шакиев менен депутаттар Ташкенттеги Технопаркка барышты

Нурланбек Шакиев менен депутаттар Ташкенттеги Технопаркка барышты
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Ташкент шаарындагы Технопарктын ишмердүүлүгү менен таанышты. 104 гектар аймакты ээлеген аталган Технопарк 2019-жылы негизделип, азыркы тапта беш миңден ашуун адам эмгектенет. Өндүрүштүк жайдан үй тиричилик буюмдары жана курулуш материалдары чыгарылып, алар өлкө ичинде жана чет мамлекеттерге сатылат. Тагыраагы, өткөн жылы 400 миллион долларга барабар товар өндүрүлүп, анын 100 миллион долларга барабар бөлүгү чет өлкөгө экспорттолгон. Мындан тышкары, төрага IT-парктын да ишмердүүлүгү менен таанышып, андагы мүмкүнчүлүктөрдү көрүп чыкты. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="204894,204895,204896,204897,204898"]