Royal
SerepTV Logo

Ош ОИИБдин башчысынын милдетин Нурланбек Бурканов аткарат

Ош ОИИБдин башчысынын милдетин Нурланбек Бурканов аткарат
Ички иштер органдарынын жетекчилик курамынын арасында бир катар өзгөрүүлөр болгонун ИИМден билдиришти. Министрлер кабинетинин төрагасынын тескемесине ылайык милициянын полковниги Азамат Исраилов өзүнүн берген билдирмесинин негизинде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы кызматынан бошотулуп" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/zamat-israilovdun-jkkkbb-bashchylygynan-boshotulgany-aityldy/">бошотулуп, ошол эле башкы башкармалыктын карамагына алынды. Жеңишбек Жоробеков ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы кызматына дайындалды" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/osh-oblustuk-milicziyanyn-murdagy-jetekchisi-jkkkbb-bashchylygyna-daiyndalgany-aityldy/">дайындалды. Ошол эле учурда ал ички иштер министрлигинин буйругу менен Ош ОИИБдин башчысы кызматынан бошотулду. Ички иштер министрлигинин буйругу менен Ош ОИИБдин башчысы милдеттерин убактылуу аткаруу, мурунку ээлеген кызмат орду боюнча милдеттерин аткарууну бошотуу менен милициянын полковниги Нурланбек Буркановго жүктөлдү. Ошол эле буйрук менен, Ош облусунун Араван РИИБдин башчысынын милдеттерин убактылуу аткаруу, милициянын полковниги Мирлан Ниязалиевге жүктөлдү.