Нурдан Орунтаев: “KG групп” компаниясынын лицензиясы кайра каралат"
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин “KG групп” компаниясынын лицензиясын кайра карап чыгат. Бул тууралуу мекеменин директору Нурдан Орунтаев "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.
"Өзүн патриотмун деп жатат. Көк-Жардан 20-30 сотых жерди бала бакча салам деп алып туруп, анын ордуна үй куруп таштаган. Мен мэрияда иштеп жатканда УКМК менен маалыматтарды берип, иш козголуп, 52 миллион сом төлөп берген", - деди ал.