Нур-Султандагы өрттү тик учак жана 122 адам өчүрүп жатат (видео)
Казакстандын борбору Нур-Султанда 20-июндан бери куурап калган дарактар өрттөнүп жатат. Өрттү өчүрүү үчүн тик учак алып келинди. Бул тууралуу «Казинформ» билдирди.
Учурда күйүп жаткан жерде жер айдоо иштери жүргүзүлүп, жалпысынан 122 өрт өчүрүүчү жана 30 техника тартылган. Саат 08:09да өрттү өчүрүү үчүн Нур-Султан аэродромунан «Казавиаспас» ААКнын Ми-8 учагы учуп кеткен.
Өрт 20-июнь күнү саат 15:03тө Коргалжын унаа жолунун боюнда Чоң-Талды көлүнүн жанындагы ачык жерде, жетүүгө кыйын болгон саздак жерде башталган. Камыштын болжол менен 6,5 гектар аянтты күйүп кеткен.